Расмий сан: быйыл үч окуучу көз жарды

0

Быйылкы жылы мектеп окуучулары арасында үч төрөт катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев ЖК жыйынында билдирди. 

Министр мындай статистиканы депутат Максат Сабировдун суроосунаа жооп берип жатып жарыялады.

“Биз билгенден үч төрөт аныкталды. Расмий түрдө. Тиешелүү иштерди алып барып жатабыз”, – деди Каратаев. 

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында төрөт көрсөткүчтөрү жогору бойдон сакталууда. Улуттук статистикалык комитеттин эсебинде, кош бойлуу миң аялдын 38и жашы жете электерден болот.

  • Жыл сайын дүйнөдө 15-19 жаштагы 3,2 млн кыз аборт жасатат.
  • Жыл сайын дүйнөдө 15-19 жаштагы 20 миң кыз көз жарат.

Сүрөт: Азаттык 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of