Самара Каримова: жаңы кызматы жана “Акшоола” тууралуу интервью

0

Ырчы, актриса жана көп кырдуу талант Самара Каримова эми Оштогу Ныязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайын жетектейт. Бул дайындоо ырчынын айланасындагы бардык окуя, жаңылыктардай эле азыр көпчүлүктүн талкуусунда. Самара Каримова менен жаңы кызматтагы пландары, чыгармачылыгы, “Акшоола” сериалы тууралуу маектештик. 

-Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун! Ныязалы атындагы музыкалык окуу жайына кандайча директор болуп барып калдыңыз?

–  Ныязалы атындагы мамлекеттик окуу жайын жетектөөгө 24-октябрда буйрук чыккан. Кечээ Маданият министрлигинен өкүлдөр келип, жамаат менен тааныштырып кетти. Буйруса, алдыда жакшы пландар бар. Анын баарын азыр айтып мактанбайм. Албетте, окуунун сапаты, чыгармачылык жаатында жана чарбалык иштерде колдон келишинче аракеттенем. Жаңы идеяларды, реформаларды жасайбыз. Башкысы жамаат жакшы кабыл алып, батасын берди.

– Мурдагы жетекчи кызматтан эмнеге кеткенинен кабарыңыз барбы ?

-Менден мурунку жетекчи өз каалоосу менен кеткен. Ал кеткенден кийин мен дайындалдым. Ал мугалим бойдон эмгектенип калды.

-Окуу жайды жетектөө жоопкерчиликтүү иш. Эми чыгармачылыгыңыз аксап калбайбы?

-Бул музыкалык мекеме болгондон кийин чыгарамчылыгыма тоскоолдук жаратпайт. Буйруса, өзүмдү ар тараптан сынап көрөйүн деп жатам. Студенттерди колдон келишинче колдойм.

– “Кыргызстан” кинотеатрындагы, Ош улуттук драма театрындагы жумуштарыңызчы? 

– “Кыргызстан” кинотеатрында оңдоо иштери уланууда. Ал жер каралбай, өтө эскирип калган имарат болчу. Абдан көп каражат керектелет экен. Колубуздан келишинче ремонттоп, маданий мекемеге айлантып койдук. Анын ишке кириши алыс эмес. Чоң ачылышын жакында жасайбыз. Драма театрда ролдорум бар, ал жакты да чогуу алып кете берем.

– Эми “Акшоола” сериалы жөнүндө. Соцтармактагы тасманын таалим-тарбиялык мааниси тууралуу акыркы сындарды кандай кабыл алдыңыз?

– Сын болгон жерде өсүү болот. Биз сериалды Youtube каналына жүктөгөндөн эки сутка өтпөй миллиондон ашык жолу көрүлдү. Орусиянын трендине кирди. Бул нерсеге жетишүү оңой эмес. Албетте, сын айткандарга ыраазымын. Сындагандарга да, колдогондорго да рахмат. Сынга эч качан териккен эмесмин.  Ал эми сериалда ар түрдүү окуялар көп. Муну мен жазган жокмун, турмуштан алынган. Жыпара Исабаеванын “Адашкандар” деген чоң чыгармасынынын негизинде  тартылды. Мунун тарбиялык мааниси да аябай чоң. Сериалдын аягынан  көрө аласыздар.

– Эмне үчүн сериал Youtube`дагы сиздин жеке каналга жарыяланып жатат? Ушундай шарт менен киного тартылдыңыз беле?  

– Youtube`да азыр көп эле пираттар иштейт. Алгач КТРКнын жана Киносериал деген каналдарга чыгардык. Аларда, биринчиден, монетизациясы жок экен. Анан автордук укук корголбой, көчүрүүлөр көп болду. Менин ютуб каналымда монетизация бар, башкалар уурдай албайт. Киножаратуучулардын уруксаты менен баарыбыз кеңешип, менин каналыма жайгаштырууну чечтик.

– “Акшоола” жарыялана баштагандан бери Youtube каналыңыздын кирешеси канчага өстү?

– Кирешени карай элекпиз. Мен Youtube каналды эми өркүндөтүп баштадым. Сериалды жаратуучулар менен келишим бар, мен буга аябай такмын. Буга чейин  Solo Медиа менен иштешип келгем.  Буйруса, эми Самара Каримова каналыма өзүмдүн ыр-клиптерим, жашоомдогу жакшылыктарды киргизип турам.

– “Акшоола” – сиздин дебют. Кайсы эпизодду аткаруу  кыйын болду?

– Башкы роль болгон соң ар бир эпизодду чын дилимден аракет кылып аткарып жаттым. Ыйлаган жерде ыйлап, толготкон жерде толготкондогудай, төрөгөндө төрөттөгүдөй кылып, элестетип аткарып жаттым. Анткени экрандан сенин чын же калп ойноп жатканың көрүнүп калат. Ишенимдүү ойнош үчүн болгон күчүмдү, актердук чеберчилигимди колдондум. Албетте, кыйынчылыгы сөзсүз болду. Айрыкча Ысык-Көлдө тартылган кезибизде күн өтө суук эле.

– Алдыда сунуштар болсо, кино-сериалдарда роль жаратууга даярсызбы? 

– Буга чейин кинолорго чакыруулар болгон. Бирок балдарым жаш болгон үчүн тартылууга мүмкүн болгон эмес. Бул сериалга режиссердун тандоосу менен, анан жолдошумдун уруксаты менен тартылдым. Сериал – менин дебютум, жакшы пикирлерди көп угуп жатам. Актердук жактан устаттарым – КРнын Эл артисттери Гүлайым Каниметова жана Мелис Шаршенбаев. Мындан кийин сунуштар болсо, убактым жана үй-бүлөмө макул келсе, тартыла берем. Чыгармачылыгымды ар тараптан өнүктүрө берем.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of