Төрөбаев: айыл чарбасына каражат аз бөлүнөт

Жогорку Кеңештин “Өнүгүү – Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда айыл чарба тармагына каражат аз бөлүнгөн үчүн иш солгун жүрүп жатат дейт.

Эл өкүлү мындай пикирин “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирип, тармакка каралган бюджет 1 млрд. 714 млн. сомду түзсө,  анын 80 пайызы суу чарбасына жумшаларын белгиледи.

“Ошондуктан, айыл чарбасынын бюджети колдоого муктаж. Биз көп учурда финансылык каражаттарды экономикага пайда алып келбеген жакка коротуудан корушубуз керек”, – дейт Төрөбаев.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди тармактагы ишти жөндөй албаганы үчүн сынга алган. Ага удаа өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев да министрдин ишине начар баа берип, анын кызмат ордун кароо маселесин койгон.

Министр Мурашев буга чейин жетекчилик кабыл алса, жумуштан өз ыктыяры менен кетерин да айткан.

Өзгөчө быйылкы жылы картошка, сарымсак, төө буурчактын  баасы арзан болуп, дыйкандар мээнети акталбай калганын айтып келишет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика