Трамп АКШда төрөлгөндөргө автоматтык түрдө жарандык берүүнү токтоткону жатат

АКШнын президенти Дональд Трамп Американын аймагында төрөлгөн балдарды жарандык алуу укугунан ажырата турган документке кол койгону жатат. Бул ата-энеси АКШнын жараны эмес же легалсыз мигранттардын урпактарына тиешелүү.

“Адам өлкөгө келип, төрөп, анан баласы автоматтык түрдө АКШ жарандыгын бардык артыкчылыктары менен ала ала турган дүйнөдөгү жалгыз өлкөбүз. Бул күлкү келерлик жана ага чекит коюу керек”, – деди Трамп. Анын айтымында тиешелүү буйрук азыр даярдалып жатат.

Эске салсак, азыр АКШ аймагында төрөлгөн бардык балдар америкалык паспортту алат. Мындай укук Американын Конституциясынын 14-өзгөртүүсүнө ылайык кепилденет.

Трамптын тактоосуна караганда, бул үчүн мурда айтылгандай, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн кереги жок – президенттик буйрук гана жетиштүү.

Бирок президенттин бул сөзү талаш бойдон калууда.

  • Ар кандай маалыматтар боюнча АКШда жыл сайын 300-400 миң бала легалсыз мигранттардан төрөлөт. Ымыркай автоматтык түрдө Америка жарандыгын алат да, ал 21 жашка чыкканда ата-энеси менен кошулуу боюнча арыз жазат. Башкача айтканда, ата-энеси да жарандык алууга мүмкүнчүлүк алат.
  • АКШдагы легалсыз мигранттардын 70%ы мексикалыктар. Экинчи орунда азиялыктар – 8%.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика