УКМК: Сирияга $100 миң жиберген террорчу кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Сирияга 100 миң доллар өлчөмүндө каражат жөнөткөн жаранды аныктады.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирүү таратты.

14-октябрь күнү жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 28 жаштагы тургун колго түшүрүлгөн. Шектүү жаран мурда Сириядагы согушка катыштыгы бар башка адамдын паспорту менен жүргөн.

Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилип. Бир топ беренелер боюнча кылмыш иши козголду.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика