ЖК депутаттары КМШдагы кесиптештери менен футбол ойноду. Канчанчы орун алганын таап алыңыз :)

Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн парламенттери ортосундагы кичи футбол боюнча турнирде Жогорку Кеңештин депуттары 4 команданын ичинен 4-орунду алышты. Бул тууралуу “Калыс Медиага” Москвадагы мекендештер билдирди.

Федералдык Жыйындын 25 жылдыгына арналган Эл аралык парламенттик оюндары 18-22-октябрь күндөрү Москва шаарында өткөн. Анын экинчи күнүндө спорттун жети түрү боюнча мелдеш уюштурулган.

Футбол боюнча турнирге жалпы КМШ өлкөлөрдүн депутаттарынан түзүлгөн 12 командасы катышмак, бирок мелдешке 4 эле команда келген. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттары акыркы орунду алышкан.

Мындан сырткары Бактыбек Турусбеков дартс атуу боюнча 2-орунда алса, шахматтан Дастан Бекешов “Жеңиш үчүн көрсөткөн кайратмандык” сыйлыгына, Ильхом Маннанов “Эң мыкты коргоочу” наамына ээ болушту.

Иш-чарага катышуу үчүн 13 депутаттан турган делегация барган.

Сүрөт: Бермет Исаеванын фейсбуктагы баракчасынан алынды

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика