Аба ырайы: кар жаайт

Бүгүн, 1-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

Кыргызгидрометтен билдиргендей,  Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунда жаан катуу жаап, карга айланат.

Ушул тапта сыртта кар жаап жатат.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-ноябрдан 5-ноябрга дейре өлкө аймагында аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаай турганын эскерткен.

Суу кар зымдарга жана бактарга жармашат. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Узак сапарга чыккан айдоочулар унаа дөңгөлөгүн жайкыга алмаштырып, жанында күрөк сыяктуу шаймандарды ала жүрүүсүн ӨКМ эскертет.

Абанын температурасы:

Чүй, Нарын облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…6,

Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…5,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, түнкүсүн 2…7 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн -1…+1, күндүз 3…5 градус болот.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика