Эркиндик же расизм? Жарнамада жоолугун чечкен топ-модель талкууда

Израил брендинин кышкы кийимдер боюнча жарнамасы нааразылык жаратты. Бул тууралуу  Daily Mail жазды.

YouTube`га чыгарылган роликте  израилдик топ-модель Бар Рафаэли башындагы жоолугун “башкысы-эркиндик” деген сөз менен чечет да, Hoodies свитшотун кийип, чачы жайылып калат.

Соцтармактын көп колдонуучуларын моделдин аракети кыжырдантты.

“Бул расизмдин, сыйлабагандыктын жеткен чеги. Ушуга компания жол койгонуна ишенгим келбейт. Сөз жок”, – деди колдонуучулардын бири.

Hoodies болсо жарнама, тескерисинче, эркиндикти жана расалык жек көрүүчүлүккө каршы күрөштү жайылтат деп эсептейт.

Бар Рафаэли роликти өзүнүн Instagram-аккаунтуна жарыялап, кийин өчүрүп салды. Жарнаманы 2,7 млн адам көргөнгө үлгүргөн.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика