Гриппке каршы вакцина алынды. Бекер эмес

0

Сасык тумоого каршы 79 миң доза вакцина сатып алынды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, “Гриппол люкс” вакцинасы дарыгерлерге, өнөкөт оорусу барларга, бат ооруган балдарга, балдар үйүндөгү жана жатак-мектептердеги балдарга, кош бойлуу аялдарга колдонулат.

Вакциналар өлкөнүн бардык аймагына жиберилди.

Жакынкы көндөрү дагы 70 миң доза вакцина “Глобалдык саламаттыкты сактоо” корпорациясы тарабынан гуманитардык жардам иретинде алынып келинет.

Бейтаптар вакцинаны борбор калаанын №312 эмканасы, №6 жана №8 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ала алышат. Акысы 500 сомдон 650 сомго чейин.

Кыргызстанда сасык тумоо декабрь айынан февраль айына чейин курч мүнөздө катталат. Көбүнчө 14 жашка чейинкилер кабылат.

 

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of