Иса Өмүркулов өзүн КСДПдан чыгаргандарды чыккынчы атады

Иса Өмүркуловдун КСДП партиясынан чыгарылышы легитимсиз болгон. Бул тууралуу депутат бүгүн берген маалымат жыйынында билдирди. 

“Саясий кеңеш деп жети-сегиз мүчө чогулуптур. Көбү менин партиядан чыгарылганымдан кабарсыз. Чечим легитимсиз. Мага карата чыккынчы деген сөз д айтылып жатат. Чыккынчы деп мени партиядан чыксын деп добуш бергендерди эсептейм”, – деди Өмүркулов.

Ал партиядан чыгаруу боюнча партиянын протоколун, кимдер кол койгонун көрө электигин кошумчалады.

Эске салсак, 31-октябрда партиянын саясий кеңеши тарабынан Иса Өмүркулов КСДПнын катарынан чыгарылды.

Ага жүйө катары депутат Иса Өмүркулов партиянын максаттарына жана жобосуна каршы иштерди жасаганы айтылат.

Ошондой эле Өмүркуловду КСДП фракциясынын лидерлигинен чакыртып алуу сунушу ЖКга, фракция депутаттарына жиберилген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика