Көмөктөшүңүз. Кочкоров жөлөкпулга чыныгы муктаждарды издейт

Мындан ары жөлөк пул алуучулардын тизмеси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтына жайгаштырылат.

Бул тууралуу министр Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жер-жерлердеги муктаж адамдардын тизмеси жергиликтүү бийлик тарабынан аныкталып келген болсо, эми 100 пайыз министрликтин кызматкерлери аныктап, бардык жоопкерчиликти өздөрү алат.

Ошондой эле жөлөк пул алуу үчүн керек документтерди министрлик өзү топтой турганы пландалууда.

«Мурда пособиени жергиликтүү бийлик комиссия менен аныктап, муктаж он адам сунушталса, ошонун ичинен үчөөсүн гана текшерет болчу. Жаңы мыйзамга жараша текшерүү министрликке жүктөлдү. Чыныгы муктаждар албастан, анча деле муктаж эместер алып жатат деген сындар болгон. Эми кайсы айылдан ким жөлөк пул алып жатканы сайтка чыгып турат»,-деди министр.

Кочкоров ошондой эле ар бир кыргызстандыкты жөлөк пулга чыныгы муктаждарды табуу үчүн министрликке көмөктөшүүгө чакырды.

Кыргызстанда 260 миңден ашуун бала жөлөкпул алат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика