КСДПдан чыгарылган Иса Өмүркуловдон беш цитата

КСДП катарынан чыгарылган депутат Иса Өмүркулов партиянын акыркы чечимдери боюнча бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берди. 

Ал КСДП катарынан бир ууч адамдардын чечими менен чыгарылганын жана бул легитимсиз экенин билдирди. Муну менен чектелбей өзүн партиядан чыгаргандарды чыккынчы деп атады.

Иса Өмүркулов “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын өкүлдөрүн Асылбек Жээнбековдун ортомчулугусуз эле өз алдынча кабыл алганын билдирди.

Буга чейин “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы боюнча өз  пикирин ачыктабаганын, эми партиядан чыгарылгандан кийин кыймылды колдоп же колдобосун чече турганын Өмүркулов кошумчалады.

Иса Өмүркулов КСДП партиясындагы өзүнү орду, партиянын келечеги, өлкөдөгү саясий кырдаал жана  Алмазбек Атамбаев тууралуу да ой бөлүшкөн. Саясатчынын беш цитатасын сунуштайбыз.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика