Кыргызстанда 1146 мектептин окуучуларына ысык тамак берилүүдө

Кыргызстандагы 1146 мектепте кенже класстын окуучуларына ысык тамак берилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мектептер ысык тамак менен эл аралык уюмдардын карыжоосу менен камсыздалган.

“БУУнун азык-түлүк программасынын көмөгү менен 2 жылдын ичинде кенже класстын окуучулары ысык тамак менен камсыз болуп жатат. Анын ичине мектептин оңдоп-түзөө иштери дагы кирет. Мындан тышкары 5 миңден ашуун мектептин кызматкерлери ден соолука пайдалуу азыктарды даярдоо боюнча окуулардан өтүшүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы мектептерде башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу 2005-жылдан тартып башталган. Бул үчүн жылына 430 миң сомго жакын каражат сарпталат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика