Өмүркулов “Атамбаевсиз КСДП” кыймылын колдор-колдобосун эми чечет

Иса Өмүркулов “Атамбаевсиз КСДП” кыймылын колдор-колдобосун эми чечет. Партиядан чыгарылышы позициясын аныктоого түрткү болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу депутат бүгүн өткөргөн маалымат жыйында билдирди. 

Өмүркулов “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын өкүлдөрүн депутат жана фракция башчысы катары кабыл алганын кошумчалады.

“Мен буга чейин кыймылга карата позициямды билдирген эмесмин”,  -деди Өмүркулов. 

Ал бул жолугушууну уюштурууга Асылбек Жээнбековдун тиешеси жоктугун белгилеп өттү.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика