Самарачасынан PR. Ырчы окуу жайдагы ишинен видео жарыялады

Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайына жаңыдан жетекчилик кызматына дайындалган Самара Каримова бүгүн эмгек жамааты менен жыйын өткөрдү. Жолугушууну өзү видеого тарткан ырчы тасмаларды соцтармакка жарыялады. 

“Бүгүн Ниязалы Борошев арындагы музыкалык окуу жайдын жалпы коллективи 100% катышып чогулуш, таанышуу кылдык. Видео, сүрөттөр окуу жайдын абалы. Имараттын курулганына көп жыл болгон. 1930-жылы курулган. Ушундай абалда ысык-суугуна чыдап, сабактарын таштабай, айлык маянасынын аздыгына карабай, билим берген мугалимдерге таазим дедим. Жалпы маданият кызматкерлери эртенки майрамыңыздар менен. Буйруса, биз жасачу иштер али алдыда. Ийгилик гана каалап коюңуздар”,-деди Каримова.

Буга чейин Самара Каримова “Калыс Медиа” сайтына берген маегинде окуу жайдын билим берүү сапатын жакшыртууга көңүл бураарын айткан эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика