Сотко кайрылсын. КСДП Өмүркуловдун билдирүүлөрүнө жооп кайтарды

Иса Өмүркулов өзүнүн КСДП катарынан чыгарылганын мыйзамсыз деп эсептесе, сотко кайрылсын. Ал бүгүн берген маалымат жыйынында бир нече жагдайларды бурмалоого жол берди. Бул тууралуу партиянын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева “Калыс Медиага” билдирди. 

Анын айтымында Иса Өмүркулов КСДП партиясынан чыгарылганын факт катары кабыл алышы керек. Эгер саясий кеңештин чечиминен күмөнү болсо, сотко кайрылса болот.

Кундуз Жолдубаева Өмүркулов бүгүнкү маалымат жыйында бир нече жайгдай боюнча калп айтканын кошумчалады.

 “Алмазбек Атамбаев менен жолугуп турам деди. Бул калп. Жаздагы жыйындан бери фракция лидери катары партия төрагасы менен бир да жолу жолугушкан жок. Саясий кеңештин отурумдарына таптакыр катышпай койгон. Кечээги чечим боюнча кабарсыз экенин айтты. Биз аны жыйынга чакыртканбыз, келген жок”, – деди Жолдубаева.  

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика