Түркия кыргызстандык бейтаптарга квотанын санын көбөйттү

Түркиянын белдүү клиникаларында Кыргызстандын 150 жараны акысыз дарыланат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бул эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашат.

Бейтаптар ал жакта акысыз дарылоодон өтөт. Бирок, тамак-аш, турак-жай, документтерди которуу акысын бейтаптар өздөрү төлөйт. Аларды тандоо боюнча атайын комиссия иш алып барат.

Эки өлкөнүн ортосунда 2015-жылы түзүлгөн келишимге ылайык 100 квота берилген эле.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика