Жакшы жаңылык! Кыргызстанда бизнес климат жакшырды

Кыргызстандын бизнес жүргүзүү боюнча позициясы жакшырды. 190 мамлекеттин ичинен бизнес жүргүзүүгө түзүлгөн шарттар боюнча 70-орунду ээледи.

Бул туурулуу дүйнөлүк банк Doing Business деп аталган жылдык отчетунда жарыялады.

Рейтинг өлкөдөгү бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар, ишке ашырылган реформаларга таянып чыгарылган. Жалпы он көрсөткүч боюнча аныкталган. Натыйжада, Кыргызстан бул позициялар боюнча 62,33 упай алган.

Рейтингдин алдыңкы бештигине Жаңы Зеландия, Сингапур, Дания, Гонконг, Түштүк Корея өлкөлөрү кирген. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 28-орунда болсо, Өзбекстан 76-орунду ээлеген. Тажикстан болсо 126-орунга илешкен.

Кыргызстанда бийлик жетекчилери ишкерлерге бизнес жүргүзүү үчүн “бейиш” түзүп беребиз деп убада берип келишет.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика