Жаштар саясаты+ишкердик. Түштүктө жаш лидерлерге 6 айлык окуу башталды

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан 24 жаш лидер «Дилгир» аталган алты айлык курстан өтөт. Алар укук, лидерлик, социалдык долбоорлоо, ишкердик жана жаштар саясаты жаатында билимин арттырат. Окуу аягында катышуучуларда бизнес идеясын ишке ашырууга чакан грант алуу мүмкүнчүлүгү да бар. 

Уюштуруучулар билдиргендей, курска жаштар борборлорунун өкүлдөрү, коомдук жашоого активдүү катышкан формалдык эмес жаштар лидерлери тандалган.

“Жаштарды өнүктүрүү институтунун” жаштар менен иштешүү адиси Жадыра Балабасованын айтымында бул окутуу курсу жаштарга чечимдерди кабыл алуу процесстеринде активдүү болушуна жардам берет.

“Тынчтык коомун түзүүдө жарандык демилгелерди илгерилөө, туура эмес идеологиялардан алдын алууда коомдогу негизги катышуучулар болот деп ишенем”, – дейт Балабасова.

2019-жылдын мартына чейин уланчу окуунун жүрүшүндө катышуучулар Ош шаарына 3-4 күндүк тренингдерге келип турат.  Ар бир тренингден кийин тапшырмаларды алышат. Курстун аягында курс угуучулары жергиликтүү бийлик менен чогуу жаштардын талабын аткарууга жана алардын өнүгүүсүнө шарт түзүп берүүгө багытталган мини-гранттарды алышат.

“Окутуу учурунда өзгөчө практикалык ишке, жаштар менен иштешүү жана мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу жаатында алынган билимдин бышыктоого көңүл бурулат. Портфолионун практикалык фазасын аткарууда, жаш лидерлер окутуунун алкагында өздөрүнүн коомундагы жаштар менен жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте иш алып барышат. Окутуунун аягында катышуучулар ишкердик боюнча кошумча курстан  өтүп, бизнес-идеяларын мини-гранттар аркылуу ишке ашыра алат”, – деп билдирди ПРООНдун долбоорлор координатору Мукаш Калдаров.

Курсту “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук бирикмеси ПРООНдун “Жаштар тынчтык өнүгүү үчүн” долбоорунун алкагында Япония Өкмөтүнүн каржылоосу менен уюштурду.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика