ЖЭБди реконструкциялоодо ишчилерди ташыганга 18 млн доллар кеткен

Бул тууралуу депутат Абдыкапар Султанов Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин көчмө жыйынында билдирди.

Депутат ЖЭБди модернизациялоодо административдик чыгымдар үчүн $19 млн, жумушчуларды транспорт менен ташууга $18 млн жана эски жабдыктарды бузуп алууга $35 млн кеткенине тан калды.

ЖЭБге жалпы 164 млн 600 миң долларлык жабдык келген. Анын монтаж кылуу үчүн 210 млн доллардан ашыкча акча кетип атат. Кайсы жерде мындай көрүнүш бар?“, – деп депутат суроо салды.

Жыйынды маалым болгондой, Эсеп палатасы Бишкек ЖЭБин модернизациялоого бөлүнгөн $386 млн боюнча аудитти аягына чыгара элек.

  • Быйыл 26-январда Бишкектеги ЖЭБинде авария болуп, баш калаа бир жума жылуулуксуз калган.
  • ЖЭБди модернизациялоо 2014-жылы башталып, 2017-жылы аяктаган.
  • Модернизациялоого кеткен 386 млн доллар каражатты Кытай тарап кредит катары берген.
  • Учурда ЖЭБди модернизациялоодо коррупция жол берилген деп мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баш болгон бир топ жетекчилер абакта отурат.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of