Жээнбеков өкмөт, парламенттин мурдагы жетекчилери менен жолугат

Бүгүн, 1-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ар кайсы тармагын өнүктүрүүгө кол кабыш кылып жаткан тараптар менен жолугат.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Буга чейин президент  Талас облусуна жасаган иш сапары учурунда өлкөнүн маданият, илим, билим ишмерлери, аткаруу бийлиги, парламенттин мурдагы жетекчилери менен ийри олтуруп, түз кеңешерин айткан эле.

Мамлекет башчысы жолугушуунун негизги максаты – коомдогу бардык прогрессивдүү күчтөрдүн, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошом деген активдүү адамдардын башын бириктирүү экенин белгилеген.

Буга чейин президент жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери жана бизнес коомчулук менен жолугушкан.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика