Жээнбеков соттор качан толук эркин болорун айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков 2023-жылы сот тармагы толугу менен ачык-айкын болот деп ишендирди.

Мамлекет башчысы бул убаданы ушул тапта өкмөттүн, парламенттин мурдагы жетекчилер, ар тармактын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

Ошондой эле ал келерки жылы донордук конференция өткөрүү сунушун билдирип, аткаруу бийлигинин донорлор менен кызматташуусун бекемдөө зарылчылыгын белгиледи.

Иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.

Коомчулукта сотторго карата көп нааразычылык айтылып келет.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика