Жээнбеков: Стратегияны кабыл алууда сын-пикирлер эске алынды

Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Президент Сооронбай Жээнбеков стратегия сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен кабыл алынганын бүгүнкү өнөктөштөр менен жолугушууда билдирди.

«Эми орто жана узак мөөнөттөгү өнүктүрүүнүн болжолдорун аныктаган стратегиялык расмий документ бар. Стратегия өлкөнүн келечегине тийиштүү жалпы улуттук биримдикти чагылдырган документ болуп саналат. Стратегияга сунуш жана комментарий берип көмөктөшкөнү үчүн донорлук коомчулукка жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем. Келип түшкөн сунуштар документтин сапаттуу жана комплексттүү болушуна көмөк көрсөткөнү талашсыз. Стратегия кабыл алынып, ишке ашырууну баштоо мезгили келди. Эми кадрдык, мыйзамдык, финансылык, башкаруучулуктагы зарыл болгон маселелерди так чечишибиз керек»,-деди.

Президенттин белгилешинче, алдыдагы беш жылда чечүүнү талап кылган негизги тапшырмалардын бири адилеттүү сот бийлигин орнотуу болуп саналат.

Бүгүн, 1-ноябрда мамлекет башчысы эл аралык донорлор менен жолугушту.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика