Айланма жолдогу кырсыкта бир аял каза болду

Бүгүн, 2-ноябрда эрте мененки саат 9дар чамасында Чүй облусундагы айланма жолдо эки унаа кагышып, анын кесепетинен бир аял набыт болду.

Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиргендей, жол кырсыгында дагы 3 адам оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Каза болгон аялдын өздүгү такталып, ал 60 жашта экени аныкталган.

Чүй облусундагы айланма жолдо ири жол кырсыктары байма-бай катталат.

Тогуз ай аралыгында жол кырсыгынан 458 адам каза болсо, 6299 жаран ар кандай жарааттарды алган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of