“Ак кеме” тасмасы кайрадан тартылат. Режиссер менен маек

Кыргыз киносу жакында дагы бир өзгөчө тасма менен толуктанганы турат. Ал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кемеcине” ремейк. Режиссер Артык Сүйүндүковдүн айтымында тасма “Шамбала” аты менен көрүүчүлөргө сунушталат. Жаңы тартылып жаткан тасма жана азыркы кыргыз киносу тууралуу режиссер менен маектештик. 

“Ак кемедеги” окуялар, идеялар азыр мурдагыдан да актуалдуу

Негизи “Ак кеме” повестинде чоң философия бар. Бул – табият менен адамзаттын ортосундагы мамиле. Акыркы жүз жылдыктагы глобализация заманында бул мамиле абдан оор абалга кептелди. Өзгөчө Кыргыстанда Советтер союзу бузулгандан кийин демократия деген түшүнүктү анархия менен алмаштырып алдык. Эмнени кааласам, колуман эмне келсе ошону кылам деп жашап калдык. Эч ким менен эсептешпейбиз. Келечекти ойлобой өлкөбүздүн төрт гана пайызы болгон айдоо жерлерге конуштарды салып жатабыз. Миң жылдап бузулбаган үрп-адаттарыбыз, маданиятыбыз, адамгерчлигибиз акыркы отуз жылдын ичинде ылдамдык менен бузулууда. Коомдогу терс көрүнүштөр улам-улам көбөйүп жатат. “Ак кемеде” ушулардын баары жазылган. Мыкты чыгарма түбөлүктүү болот эмеспи. Андагы окуялар, идеялар азыр мурдагыдан да актуалдуу.

Ал эми Болот Шамшиев тарткан тасма тууралуу айта турган болсом. 1970-жылдары бул чыгарма чыкканда Москвада окуп жүргөм. Ошондо эле мага аябай жагып, тартайын деп чечкем. Анан Болот Шамшиев тартканы жатканын уккан соң убактылуу бул пикирден кайткам. Негизи бир долбоор ишке ашпай калгандан кийин андан көңүлүн сууп, оюң башка жакка кетип калат. Бирок, бул повесть менин оюмда кала берди. Анан 1990-жылдары кайрадан анын үстүндө иштей баштадым. Айтматов менен жолугуп уруксатын алдым. Ал киши тасма боюнча пикиримди колдоду. Бирок, ал жылдары бюджет аз, каражат жок киностудия тарап кеткен эле. Ошентип олтуруп мына эми гана тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бирок, баары бир каражаттын аздыгынан бир топ ойлорду кыскарттым.

Жаштар маданиятка эмес, акчасы көп жумуштарга ооп жатышат

Биринчиден продюсерлерди табыш кыйын. Себеби колунда бар кишилер бул тармакка кире беришпейт. Аларды да түшүнсө болот. Акчаны киного эмес башка жакка жумшашса көбүрөөк пайда табышат. Же болбосо терең ойлуу эмес, жеңил комедияларга продюсерлик кылышат. Мунун себеби көрүүчүлөрдүн деңгээлинин түшкөндүгүндө. Ал эми деңгээлдин түшүшүнө биздин саясат менен медия себепкер болууда. Маалымат каражаттары бүт эле саясатты жазышып, кино, театр же адабият тууралуу берүүлөр аз. Мындан улам кыргыз маданиятынын абалы оорлоп кетти. Таланттуу жаштарыбыз маданиятка эмес, акчасы көп жумуштарга ооп жатышат.

Кыргыз режиссерлору жапайычылыктан башка турмушту көрсөтө албайбы?

Автор турмушту кандай көрсө ошондой чагылдырат. Аны башкалар сындайт, мактайт. Кээ бир фильмдер ошондойдур. Бардык фильмге тиешеси жок. Андай фильмдер чет өлкөдөгү фестивалга келгенде ар башка улуттагы күчтүү калыстар сындайт. Алар экзотиканын укмуш көргөн. Африка, Түштүк Америка, азиянын экзотикаларын көргөн. Биз аларды таң калтыра албайбыз. Бирок, коммерциялык кинону колдош керек. Алар да өзүнүн каражатын тартып, акча тартып жатышат. Башка нерсеге жумшаса болот эле да. Убакыт өткөн сайын професионалдуулугу өсүп жатат. Сандан сапатка өтүү дүйнөдө болуп келген эле нерсе.

Ийгилик бар, бирок массага жетпейт

Кино – кыргыз маданиятынын локомотиви. Мурда да, азыр да. Аз санда, аз каражатка тартылса да дүйнөлүк фестивалдарда ийгилик жаратып келе жатат. Бирок, биз ошого маани бербей жатабыз. Мисалы бизде спорт деле жок. Баары эрежесиз уруш, бокс сыяктуу кара күчкө таянган спорттор. Биз ошолордон уюштуруу иштерин үйрөнүшүбүз керек. Рекламалары жакшы. Аларды карап отуруп кыргыздын мушкерлери дүйнөнү багындырып жатат деп ойлойсуң. Негизи андай эмес да. Кыргыздын кинолору байге алып келе жатат. Медиа жакшы чагылдырбайт. Алар менен тасма тууралуу эч терең сүйлөшпөйт. Саясатка келгенде баары эле эксперт болуп чыга келет. Коңшу өлкөлөр өздөрүнүн маданиятына колдоо көрсөтүп, даңазалап жатат.

Бизде Пушкиндин “Пир во время чумы” чыгармасы орун алып жатат. Өзүбүз тойлорубуз көбөйдү. Тиги мындай той бериптир деп атаандашып тойлорду өткөрүп жатабыз. Кафе-ресторнадарда орун жак. Элибиз театрга эмес, тойго барат. Эл да жадады. “Башкалар эмне дейт? Уят болот” деген ойдон чыга албай жатат. Жок акчасын тойго берет. Чиновниктер иштебей эле той до жүрөт.

Режиссерлук үйрөнчү кесип эмес

Бул кесипти үйрөтө албайсың. Талант бир, экинчиден адамдын калоосу болуш керек. Адамдын ички дүйнөсүн кашайткан көйгөйү болушу керек. Өзгөчө азыркы убакта. Бул кесип менен акча табуу кыйын. Тандасаң келечеги белгилүү. Ошого, макулсуңбу барасыңбы. Акча табам десең ишти жакшы жасаган профессионал болосуң, бирок чыныгы художник боло албайсың. Биринчиден биз киночуну даярдабайбыз. Радио, кино телевидение бөлүмү болуп аралашып кеткен. Ошонун ичинен киного кызыккан балдар менен иштеп жатабыз. Он жылдан ашык убактан бери окууучуларыбыз дейнөлүк аренада ийгилик жаратып жатат. 200дөн ашык эл аралык фестивалдардын байге алышты. Кесиптин техникалык жагын үйрөтсө болот. Бирок, художник кылып чыгаруу кыйын. Ушул жаатта иштеп жатабыз. Окуучуларыбызга басым жасабайбыз, алардын ич-дүйнөсүн изилдейбиз. Эмнени кааласа ошону жазышат. Жок дебейбиз. Бирок, эмнеси туура эмес экендигин акырындык менен түшүндүрөбүз, Өзүңөр билген, тааныган нерсени тарткыла дейбиз. Өзүнүн ички дүйнөсүн чагылдырса болду.

Акыркы кыргыз кинолору тууралуу

Эми бирөөнү айтсаң бирөө капа болот. Жалпылап айтканда жыл сайын мыкты кинолор чыгып жатат. Бул деген – феномен. Өзгөчө кыска метраждуу тасмаларга биздин коом көңүл бурбай жатат. 10-15 мүнөттүк бир топ кинолор толук метраждуу фильмдерден өйдө. Балдарга дароо толук метраж тартканга уруксат бербейм.

Маектешкен: Азат Бектур

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of