Apple кайсы iPhone`го сервистик колдоо токтотулганын жарыялады

Apple компаниясы iPhone 5ти эскирген продуктуларынын катарына киргизди. Бул тууралуу компаниянын сайтында айтылат.

Эми бул смартфондорду расмий сервистик борборлордо оңдоотууга болбойт.

 Apple компаниясы кайсы бир гаджеттерин чыгарууну токтоткондон кийин беш жыл бою ошол продуктуларын колдоп турат.

iPhone 2012-жылдын сентябрында чыгарылган. Андан бери 70 млн гаджет сатылган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика