Аскар Шадиевдин ордуна жаңы депутат келди

Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин ордуна депутат болуп Эрмамат Тагаев катталды.

Эрмамат Тагаев “Бир Болдун” тизмесинде 19-сапта турат.

Анын буга чейин кайда иштегенди тууралуу булактарда маалымат аз.

Бүгүн, 2-ноябрда Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жыйынга чогулуп, Аскар Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алган.

Аскарбек Шадиев КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдады деп Башкы прокуратура үч кылмыш ишин козгогон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика