Быйыл Жалал-Абадда өрттөн алты адам каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облусунда жыл башынан бери 542 өрт кырсыгы катталды. Кырсыктардын дээрлик ар бир экинчиси жеке үйлөргө туура келет.

ӨКМден билдиришкендей, турак-жайларда чыккан өрттүн кесепетинен 6 адам каза тапкан. 662 тонна тоют, 63 мал жандыктары жабыркаган. Өрт өчүрүүчүлөр 20 адамдын, 25 ири мүйүздүү мал жана 145 млн сомдук материалдык баалуулуктарды сактап калган.

“Катталган өрт кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү отко шалаакы жана камырабастык мамиле кылуудан, өчүрүлбөй калган тамеки калдыгынан, токко уланган бойдон унутта калтырылган электр шаймандарынан, кароосуз калтырылган балдардын от менен ойноосунан, бузук абалдагы мештерден жана моорлордон келип чыгууда”, – дейт ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров.

Өрт кырсыктары көп катталгандыктан, Жалал-Абадда алдын алуу иш чаралары күчөтүлдү.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика