Имамдар үчүн колдонмо китеп чыгарылат

Кыргызстандагы  имамдар үчүн колдонмо китептер иштелип чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда муфтияттан билдиришти. 

Китеп демөөрчүлөрдүн көмөгү менен ушул ай ичи даяр болуп калат. Маалыматтарды Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын тиешелүү бөлүмдөрү даярдап жатат.

Колдонмодо Куран, фыкх, хадис, акыйда, тавсир, имамдын этикасы, мурас жана намаз убактылары боюнча маалымат берилет.

“Колдонмодогу маалыматтар имамдар үчүн маанилүү жана пайдалуу болот. Китеп жеңилдетилип жазылып, аймактагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга салым кошот”, – дешти муфтияттан. 

Кыргызстанда 2800дөн ашуун имам бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика