“Коопсуз шаар” кыймылдады. Кайра эле “Вега” ишке ашырат

Эми “Коопсуз шаар” долбоорун “Вега” компаниясы ишке ашырат. Бишкектин райондор аралык соту аталган долбоор боюнча түшкөн арыздардын негизинде көз карандысыз комиссиянын чыгарган чечимин жокко чыгарды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети билдиргендей, комитет Мамлекеттик сатып алуу департаменти түзгөн комиссиянын чечимине каршы сотко кайрылган. Ага себеп болуп комиссия буга чейин орусиялык «Вега» компаниясынын тендерде утуп чыгышы мыйзамсыз болгон дешкен.

Натыйжада соттук отурумдун жыйынтыгы менен “ Вега” концернинин тендерден утушу объективдүү деген чечим чыгарылган.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика