Кыргызстан Doing Business рейтингинде көрсөткүчүн жакшыртты

Дүйнөлүк Банктын кезектеги «Doing Business» (Бизнес жүргүзүү) иликтөөсүндө Кыргызстан рейтинги 7 позицияга жакшырып, 77-орундан 70-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Мында алдыңкы чектен болгон айырмачылык 2,57 пунктка кыскартылып, 68,33 баллды түздү.

«Doing Business» (Бизнес жүргүзүү) дүйнөнүн 190 өлкөсүндө бизнести жөнгө салуу боюнча укук колдонуу тажрыйбасын жана мыйзамды баалаган иликтөө болуп саналат.

“Кыргызстанда  салык төлөө жөндөмсүздүгүнө уруксаат алуу, миноритардык кызыкчылыктарды коргоо жаатында реформаларды жасай алган.  Мындан сырткар миноритардык акционерлердин ролу жана укугу кеңейтилген, директорлор кеңешинин көз карандысыздыгы чыңдалган; туунду ишкана аркылуу башкы компаниядан акция алууга тыюу киргизилген”, – дешти өкмөттөн. 

Ошол эле маалда  эл аралык соода ЕАЭБ алкагында экспорттук операциялар, келишимдерди аткарууну камсыздоо жакшырган.

Ошол эле учурда Кыргызстан “менчикти каттоо”  көрсөткүчү боюнча дүйнөдө 8-орунда турат.

Өлкөнүн «салык салуу» жана «электр менен камсыздоого кошулуу» индикаторлору боюнча көрсөткүчтөрү төмөн.

Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында Кыргызстан бизнести жүргүзүү жеңилдиги боюнча алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирүүнү көздөйт.

Рейтингде биринчи орунду кайрадан Жаңы Зеландия ээледи. Тизмеде Кыргызстан Украина, Греция, Индия, Монголия сыяктуу өлкөлөрдөн жогору жайгашкан.

Сүрөт: Спутник

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика