Кызын жаздык менен тумчуктурган энеге карата өкүм күчүндө калды

Оштогу “Бегайым” балдар бакчасында өз кызын жаздык менен тумчуктурган эне 12,5 жыл абакта жазасын өтөйт. Айыпталуучунун аппеляциялык арызын караган Ош облустук соту биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, окуя ушул жылдын 19-июнунда Ош шаарындагы “Бегайым” балдар бакчасында болгон. Тарбиячынын жардамчысы болуп иштеген аял бир жаштагы өз кызын жаздык менен тумчуктурган. Аны кесиптештери токтотуп калган.

Ош шаардык соту 23-августта энени үй-мүлкүн конфискациялоо менен 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Айыпталуучу аппеляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылган. Экинчи инстанция 24-октябрда мурдагы өкүмдү күчүндө калтырды.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика