Нурлан Насипти эки чоң жаңылык күтүп жатат

Эстрада ырчысы Нурлан Насипти жакынкы күндөрү жагымдуу жаңылыгы менен бөлүшкөнү калды. Келинчеги Асел Кадырбекова учурда кош бойлуу. Маалыматты ырчыга жакын чөйрөдөгү атын атагысы келбеген булак тастыктады. 

“Асель учурда төрт айлык кош бойлуу”, -деди жубайлардын жакыны.

Нурлан Насип менен Асель Кадырбекова  ушул жылдын апрель айында баш кошушкан. Шоу-бизнестеги бул окуя бир нече күнгө созулган той-концерттер жана кымбат баалуу көйнөк менен элдин эсинде калды.

Нурлан Насиптин дагы бир жаңылыгы – Инстаграм баракчасына катталгандардын саны 997 миңге жеткен. Демек, бир миллионго 3 миң колдонуучу гана жетишпейт.

Буга чейин кыргыз шоу бизнесинде Самара Каримова менен Анжелика Бекболиеванын Инстаграм баракчасына бир миллион адам катталганы белгилүү болгон.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика