Ош: алдыңкы маданият кызматкерлери сыйланды

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаарында маданият кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди.

Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров жалпы маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, эл аралык маданий иш-чараларды мыкты деңгээлде өткөрүүдө маданият кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз экендигин белгиледи.

“Маданият кызматкерлери өз өнөрлөрү менен элдин сүймөнчүгү гана болбостон мамлекеттин элчиси болушат. Ош шаарында, өлкөдө өтүп жаткан маданий иш-чараларда шаарда эмгектенип жаткан маданият кызматкерлери намысты алдырбай, патриотуулук менен кызмат кылууда. Ош шаарынын мэриясы жасалып жаткан иш аракеттерди көмүскөдө калтырбай ар тараптан колдой бермекчи”,-деди вице-мэр.

Салтанатта маданияттын өсүп-өнүгүшүнө, элге ак ниет менен эмгек кылып өзгөчөлөнгөн 60тан ашуун маданият кызматкерлерине Ош шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин, маданият башкармалыгынын Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары жана Маданият маалымат жана туризм министрлигине караштуу улуттук маданий борборунун Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү 1995-жылдан бери белгиленип келет. 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында И.Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу бул дата тандалып алынган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика