Президент: Араван цемент заводу – өнөр жайдын флагманы болот

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда Ош облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Араван цемент заводунун ачылышына катышты.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент мамлекеттик саясат аймактардагы жашоо шартты жакшыртууга багытталганын айтып, заводдун таржымалы ага жакшы тааныш экенин ортого салды. Жээнбеков 2015-жылы өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турганда, ага ЖК депутаты Азамат Арапбаев кайрылып, заводдун курулушу жөнүндө айтып берип, көмөктөшүүнү өтүнгөн. Кийин өлкөнүн Премьер-министри болуп турганда заводдун курулушу Сооронбай Жээнбековдун жеке көзөмөлүндө болгон.

«Бүгүнкү саамалык мамлекетибиздин турмушундагы эң маанилүү окуялардан. Бул завод келечекте өлкөнүн өнөр жайынын флагманы болот. Мындай ири ишканалардын ишке берилиши менен жаңы жумушчу орундар түзүлөт. Заводдун курулушунун жүрүшүндө 1000ге чукул жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болуп, заводдо иштин башталышы менен 450дөн ашуун жумушчу орун түзүлөт», -деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал заводдун курулушу региондорду өнүктүрүү жылынын мыкты демилгелеринин бири экенин белгиледи.

Заводдун курулушуна жалпысынан 86 млн. АКШ доллары жумшалган. Курулушка «Араван цемент заводу» жоопкерчилиги чектелген коому 48 млн. долларга жакын өздүк каражатын салган.

Араван цемент заводу жылына 1 миллион тонна цемент өндүрөт. Мамлекеттик казынага жана жергиликтүү бюджетке 400 миллион сомдон ашык салык жана социалдык төлөмдөр түшөт.

Фото: Султан Досалиев

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of