Президент Бизнес-акыйкатчы ишкерлердин укугун коргойт деп убада берди

Жакын арада мамлекеттик органдарда ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту иштей баштайт.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган иш сапары учурунда Араван цемент заводун ачып жатып билдирди.

Мамлекет башчысы инвесторлорду, менчикти соттордун экономикалык маселелер боюнча мыйзамсыз чечимдердин кабыл алынышынан коргоо бийликтин негизги максаты экенин белгилеп,  өлкөнүн ири финансы институттарынын каражаттары региондордогу долбоорлорго түрткү берүүгө багытталган деди.

“Бүгүнкү күндө бизнести жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөн. Бизнести каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, каттоо үчүн 3 күндөн ашык убакыт кетпейт. Региондогу эң либералдуу салык режими- төмөн салык ставкалары менен түзүлдү. Жаңы түзүлгөн ишканалар 3 жылга текшерүүдөн бошотулду»,-деди мамлекет башчысы.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика

Пикир калтыруу

avatar
  Subscribe  
Notify of