Самара Каримова: окуу жайды эки жылда гүлдөтүп коймокмун

Самара Каримова кызматтан алынышы боюнча соцтармактарда билдирүү таратты. Ырчы көрө албастар тууралуу ой бөлүшүп, мүмкүндүк бергенде музыкалык окуу жайды эки жылда гүлдөтүп салмак экенин билдирди. 

«Өнөр адамы катары, музыкалык окуу жайдын абалына жүрөгүм ооручу. Зээриккенимден же кыларга ишим жоктон барган жокмун! Тобокелге салып, меценат тартып, проект жазып 2 жылда гүлдөтүп коймокмун. Ойчулдун оюу бүткүчө-тобокелчинин иши бүтчү эле. Мейли, насип деген нерсе бар! Менден башка жакшы адам келип оңдоор үмүт кылам жана тилектешмин. Өнөр адамдары абдан назик. Сулуу, кооз, көркөм жерде жашаса, окуса өнөр өөрчүбөйбү…. Окуу жайдын жамаатына, улуу ага-эжелер сиздерге абдан ыраазымын. Бир да жаман сөз айтпай, кучак жайып тосуп алдыңыздар. Мен сиздерге ден-соолук каалаймын. Өзүмдүн кадырымды дагы бир жолу сездим! Мен деген оной адам эмес экенмин! Менин кичинекей кызматка келишим, көп адамдын уйкусун бузат экен. Мага жата калып бут тоскондор мен силерге капа эмесмин. Ыраазымын! Ылайым менин куттуу, төгүлгөн дастарконумдан чай ичкиле!”,-деди Каримова.

Баса, Самара Каримова үчүн кызматка дайындалып, кайра эле анысынан кол үзүү алгачкы тажрыйба эмес. Өткөн жылы ал Сулайман-Тоо музейине директор болуп дайындалган. Бирок коомдогу чоң талкуудан кийин кызматтан баш  тарткан. 27 жаштагы ырчы, актриса Самара Каримова КРнын эмгек сиңирген артисти наамын алууга жетишкен.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика