УКМК жардырууга камынган террордук топту кармады

УКМК беш чет элдик жаранды жана төрт кыргызстандыкты кармады. Топ Чүй облусунда ишмердүүлүк жүргүзгөн

“Террордук түзүмдүн мүчөлөрү 2017-жылдан бери Сирия жана Ооганстандагы согушчандардын катарына адамдарды тартуу менен алектенишкен. Алар  ок атуучу курал жана колдо жасалган жардыргыч заттарды колдонуу менен Кыргызстандын аймагында жардыруу жасоого камынып жатышкан”, – деши УКМКдан.

Топтун курамында Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары болгон. Алар өз мекенинде террордук ишмердүүлүк үчүн изделип жаткан. Чет элдиктер эмиссар-террорчулардын тапшырмасы менен Кыргызстанга келип, тажрыйбалуу согушчандарды даярдоону көздөшкөн.

Бул факты боюнча УКМК башка өлкөлөрдүн атайын кызматтары менен бирге иш алып барууда.

Сүрөт: УКМК

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика