Жээнбеков Ош облусуна кетти

Бүгүн, 2-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Ош облусуна кетти.

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдиргендей, мамлекет башчысы Ош облусунда эки күндүк иш сапары менен болот.

Сооронбай Жээнбеков “Ош – Айтматовдун тагдырында” салтанаттуу иш чарага жана Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган улуттук ат-спорттук оюндарына катышат.

Андан тышкары Мамлекет башчысы Ош облустук мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын ачылышына, Аравандагы цемент заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү «Алайку Органикс» ЖЧК заводунун ачылышына катышат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика