“Дордой” – Кыргызстандын 2018-жылдагы чемпиону

Бишкектин “Дордой” командасы мөөнөтүнөн мурда Кыргызстандын чемпиону болду. ТОП-ЛИГАнын 6-турунун которулган оюнунда “Дордой” футболчулары Оштун “Алай” командасын 3:1 эсебинде утуп алды.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтүп, “Дордойдон” Козубаев, Ахмедов жана Шамшиев 3 гол киргизсе, “Алайдан” Кожо Жоел бир топ менен жооп берген.

Чемпионаттын бүтүшүнө дагы бир тур калды, бирок “Дордой” менен “Алайдын” ортосунда 8 упай айырмачылык бар.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика