БШК: Шадиевдин арыз жазганы ырас

Борбордук шайлоо комиссиясы Аскарбек Шадиевдин фракциядан чыгуу боюнча арыз жазганын, анын мандатын алуу мыйзамдуу болгонун ырастады.

БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдиргендей, Шадиевдин жазган арызын “Бир бол” фракциясы канаатырган соң, БШК анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алган.

Маалымат булактарында Аскар Шадиевдин билдирүүсү тарап, ал күнөөсү экенин,  ага карата козголгон кылмыш ишери саясий буюртма экенин айтып, чек арадан мыйзамдуу өткөнүн билдирген.

Ал ортодо “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да Шадиев өзү арыз жазганын ырастады.

Аскарбек Шадиев КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдады деп Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Ага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча иш козголгон.

Жай айларында Шадиев качып кеткени, көп өтпөй Америкада экени кабарланган. Үчүнчү кылмыш иши болуп «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча дагы айып тагылып, издөө жарыяланган болчу.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика