Чуулуу министрликтеги орун басар урмат-сый менен узатылды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жамааты мурдагы орун басар Жылдыз Полотованы сый-урмат менен узатышты.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, Жылдыз Полотованы узатуу жыйынында министр Улукбек Кочкоров анын министрликтеги ордун белгиледи.

«Сиз бул тармакта көп жылдар бою эмгектенүү менен өз атыңызды калтыра алдыңыз. Министрликте ар бир тажрыйбалуу муундан тартып жаш муунга чейинки адистер, Коомдук кеңештин мүчөлөрү Сиздин кесипкөйлүгүңүздү, ак ниеттүлүгүңүздү, эмгекчилдигиңизди жана адамгерчилигиңизди  баса белгтлеп айтып жатышат. Сиз эл оозунда атын калтыра алган кесипкөй адис катары өзүңүздү көрсөттүңүз деп билем», — деди Улукбек Кочкоров.

Буга чейин аталган министрликтин  мурдагы орун басары Зууракан Каденованын Кореядагы учак жаңжалынан кийин министр Таалайкүл Исакунова, орун басары  Лунара Мамытова кызматынан кеткен. Ага алардын чет мамлекеттерге уруксатсыз барганы, диппаспортту мыйзамсыз колдонгондугу себеп болгон.

Акыркылардан болуп Жылдыз Полотова да иштен кеткен.

Сүрөт: Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика