Дүйнөлүк банк «Digital CASA» долбоорун каржылоого каражат бөлөт

Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы «Digital CASA» долбоорун каржылоо үчүн 50 млн. доллар өлчөмүндө каражат бөлөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Парламенттин Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети каражаттын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болорун маалымдады.

Каражат 38 жылдык мөөнөт менен берилет. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын ортосундагы «Digital CASA» – Кыргыз Республикасы” долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу долбоору каралды.

«Digital CASA» долбоору 2019-жылдан тарта ишке ашырыла баштай турганы, анын операторлору сынак аркылуу тандалып алына турганы белгилүү болду. Келишим парламентте ратификацияланганга чейин анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болууга тийиш. Санариптик маалыматтардын баары дата-борбордо сакталат.

Digital CASA долбоору Борбор Азия мамлекеттери менен Ооганстанды бирдиктүү регионалдык оптикалык тармакка бириктирүү максатын көздөйт. Бул долбоор алкагында Кыргызстандын электрондук өкмөтүнүн системасын өнүктүрүү жагы каралат.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика