Көз дарыгерлери Оштун алыскы аймактарында акысыз текшерүү жүргүзүүдө

Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери “Кызыл Жарым Ай” коому менен биргеликте “Ден соолук кербенин” уюштурушту. Анын алкагында облустун алыскы аймактарына барып, балдардын көздөрүн акысыз текшеришти. Бул тууралуу “Калыс Медиага” оорукананын уюштуруу иштери боюнча орун басары Жыргал Кадыров билдирди.

Эки күндө дарыгерлер Кара-Кулжа районунун алыскы айылдарына барып, 650дөн ашык баланы кароодон өткөрүшкөн. Алардын ичинен 80 балада көз оорусу бар экени катталган. Айрымдарына жеринде жардам көрсөтүлдү.

“Ден соолук кербенин” “Кызыл Жарым Ай” коомунун Кыргызстандын түштүк облустарынын алыскы райондоруна офтальмологиялык жардам көрсөтүү долбоорунун алкагында уюштурулган.

Дарыгерлер эми Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн алыскы айылдарына барышат.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика