Кыргызстандагы репрессияга кабылгандардын тизмеси түзүлөт

Эртең, 6-ноябрда “Тарыхый эс тутум: саясий репрессиялар жана анын кесепети” аттуу эл аралык илимий конференция өтөт.

Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдиргендей,иш-чарага мамлекеттик жетекчилер, чет өлкөлүк жана кыргызстандык илимпоздор, жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышат.

Конференцияда Кыргызстандагы репрессияга кабылгандардын тизмеси түзүлөт.

Иш-чара 1930-жылдардагы саясий репрессиянын айынан миңдеген бейкүнөө уул-кыздардын азап чеккенин, курман болгонун элге жеткирүүнү, андан сабак алуу максатында уюштурулууда.

Өткөн жылы мурдагы президенттин жарлыгы менен 7-8-ноябрь күндөрү ата-бабалады эскерүү күнү катары жарыяланып, кызыл датага кирген.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика