Кышында окуучулардын жол коопсуздугуна көзөмөл күчөтүлөт

Кыш мезгилинде мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун алдын алуу чаралары күчөтүлөрүн вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова кеңешмеде билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Кеңешмеде жол боюнда жайгашкан мектептерде окуучулардын коопсуздугун алдын алуу, коргоо иштеринде ата-энелерге  жардам көрсөтүү үчүн  ыктыярдуу кошуундарды, ыктыярчыларды, студенттерди тартуу  маселелери каралды.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдиргендей, ИИМдин кызматкерлери мектепке жакын аймактагы кооптуу участкаларда жана жол кесилиштеринде белгиленген график менен нөөмөттө турушат.  Ошондой эле балдардын  жол коопсуздугун сактоо жана коргоо ишине студенттерден турган ыктыярчылар  жардамга тартылууда. Мындай иш аракеттердин натыйжасында  акыркы  тогуз айда жаш балдардын жана мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол кырсыктары азайган.

Расмий маалыматтарга караганда, ушул жылдын тогуз айында жол кырсыгынан 458 адам каза болсо, 6299 жаран ар кандай жарааттарды алган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика