“Мал уурдап, сүйгөн кызына телефон алып берип, анан өз жанын кыйган”. ИИМ чуулуу ишти териштирип жатат

Ысык-Көлдө мал уурулукка шектелген 18 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча милициянын иш-аракети канчалык мыйзамдуу болгонун  ИИМ текшерип жатат.  Маркумдун жакындары Ак-Суу РИИБнин кызматкерлери уулун ур-токмокко алып өлтүргөн деп эсептейт.

22-октябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 18 жаштагы Эрмек Касымов даракка асынып алганы боюнча милицияга билдирүү түшөт. РИИБ кызматкерлери маркумдун мойнунда аркан изин каттап, соттук-медициналык экспертиза дайындайт.

Бирок Эрмек Касымовдун жакындары уулунун асынып ажал тапканына ишенбейт, алар үй-бүлөсүндөгү чоң жоготууга дал ошол милиция кызматкерлерин айыптоодо. Анткени Эрмек үч кой уурдаган деп шектелип, сурак берип жаткан.

“Вентус” коомдук уюму жарыялаган видеодо маркумдун атасы Нурлан Асанбеков уулун милиция өтө кыйнап өлтүргөн деп айыптайт.

“22-октябрда баламды милиция кызматкерлери сабап өлтүрүп коюшту. Баламды өлтүргөндө да кыйнап, башына баштык кийигизип, баклашкага суу толтуруп алып соккулап өлтүрүштү”, – дейт Асанбеков.

Ички иштер министрлиги атанын бул кайрылуусу боюнча Ак-Суу РИИБ кызматкерлеринин үстүнөн текшерүү жүрүп жатканын билдирди. ИИМ окуя боюнча өз версиясын да жарыялады.

Анда айтылгандай, Ак-Суунун тургуну 19-октябрда  үч койун уурдап кетишкенин айтып, милицияга арызданат. Кылмышка шектелип маркум Эрмек Касымов кармалган.

“Эрмек 13-октябрдан 14үнө караган түнү үч койду уурдаганын мойнуна алган. Ал койлорду атасынын  «Мицубиси» унаасына салып, Караколдогу мал базарда 12 миң сомго сатканын, акчага сүйгөн кызына телефон белек кылганын билдирген. Көрсөтмөнүн баары үн катары жазылып алынган”, – дешти ИИМден. 

Мындан сырткары кайрылуу тараткан маркумдун атасы буга чейин зордуктоо, бейбаштык жана мал уурулук боюнча бир нече жолу соттолгонун ИИМден кошумчалашты. Нурлан Асанбековдун бир тууган иниси да мал уурулук үчүн жазаланганы айтылат.

Учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы Ак-Суу райондук милиция кызматкерлеринин аракети канчалык мыйзамдуу болгонун текшерип жатат. Ушул эле жагдайды райондук прокуратура да иликтөөдө. Иш министрлик жетекчилеринин көзөмөлүндө.

Сүрөт: Турмуш 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика