Океандын ары жагындагы Аскар Шадиев үн катты

Интернет булактарында учурда Америкада жашап жаткан мурдагы депутат Аскар Шадиевдин билдирүүсү жарыяланды.

“24.кж” маалымат агенттиги жазып чыккандай, анда Шадиев мандатынын ажыратылышы боюнча пикирин билдирип, ал фракциядан чыгуу жана мандатын тапшыруу боюнча эч кандай арыз жазбагынын ырастаган.

«Бир болдогу” фракциялаштарымды жасалма кагаз менен алдашты. Алар эч качан менин атымдан арыз жазбайт. Муну кимдир бирөө эле уюштурду”,-деп билдирген.

Ал Кыргызстандан качпай эле мыйзамдуу чыгып кеткенин белгилеп, ага козголгон кылмыш иши чек арадан мыйзамсыз өттү дегени туура эмес экенин айткан.

Шадиев студент кезинен эле бизнес менен алектенип келгенин, Башкы прокуратура анын мүлкү боюнча туура эмес маалымат берүүдө деп эсептейт.

“Банктарда менин акчалай эсебим жок. Бизнесимди ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергем.Мага козголгон  кылмыш иши саясий буйрутма. «Акыйкаттык жеңип, бир күн чындыкты далилдеп берериме ишенем», — деп билдирет.

Эске салсак, Аскарбек Шадиев КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдады деп Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон.

Ага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча иш козголгон.

Жай айларында Шадиев качып кеткени, көп өтпөй Америкада экени кабарланган. Үчүнчү кылмыш иши болуп «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча дагы айып тагылып, издөө жарыяланган болчу.

2-ноябрда Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жыйынга чогулуп, Аскар Шадиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, ордуна Эрмамат Тагаевди депутат кылып каттаган.

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика