Ош: “Алга-Бас” базарынын жетекчилиги соодагерлерди айдап жатат. Видео

Отогу “Алга-Бас” унаа тетиктер базарынын ижарачыларына жетечилик үч күн ичинде  соода жайын бошотуу талабын койду. Ишкерлер макул болбой президентке кайрылуу жолдошту.

Жумушчулардын айтымында 3-ноябрь күнү “Алга-Бас” базарынын администрациясы соода жайы 3 күндүн ичинде жабыларын эскерткен. Көп өтпөй мындагылардын талабы боюнча базардын директору Бекназар Саипов чогулуш өткөрүп, себептерин түшүндүрбөй эле жакынкы айларда соода жайы жабыларын жана ижарачылар “Манас-Ата” кичи районундагы “Кудайберди” базарынын жанындагы жаңы жерге көчүшү керектигин кабарлайт.

Айрым маалыматтарга караганда базар ээси Т. Бурханов жерди башка бирөөгө сатып жиберген.

Эскерте кетсек, 2014-жылы Ош шаардык мэриясы “Алга-Бас” базарын жаап, көпчүлүк ишкерлерди шаардын “Манас-Ата” кичи районундагы “Кудайберди” базарына көчүргөн. 2015-жылы“Алга-Баска” жаңы жетекчи дайындалып, иш кайра башталган.

Эркин Сайдалиев жаңы директор болуп дайындалып, соодагерлерди кайра чакырып, ишти башынан жанданткан. Ал киши жана базар ээси Т.Бурханов бизге 5 жыл эч ким тийбейт, кепилдик беребиз, коркпой иштегиле деп убада берген“,-деп айтылат президентке жолдонгон кайрылууда.

Соодагерлер алардын абалын түшүнүү менен президентке кайрылуу жолдоп, беш талап коюшту:

1. “Алга-Бас” базары улутташтырылсын, б.а. мамлекеттик менчикке өтсүн;

2. Базар ээсине адилеттүү компенсация төлөнүп берилсин. Эгерде сатып жибергени чын болсо, анда ал келишими бузулсун;

3. “Алга-Бас” базары муниципалдык базар болуп катталсын. Ижара акылары (айына 300.000 сом тегерегинде акча) толугу менен мамлекетке түшсүн;

4. Соодагерлердин иш орундары өзгөрүүсүз калсын;

5. Жаңы администрация менен соодагерлердин ортосунда 5 жылга ижара келишими түзүлсүн. 5 жылдан кийин мамлекет кааласа, базарды биротоло жаап, бул жерди паркка айлантсын, кааласа, базар бойдон калтырсын же реконструкция жасасын.

“Алга-Бас” базарында учурда 200дөй ишкер иштейт. Ар биринин контейнеринде кеминде 1 млн сомдук товар бар.

 

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика