Сыйлык – $250. Студенттер жана окуучулар миграция боюнча сынакка катышкыла

Студенттер жана окуучулар үчүн миграция темасын мыкты чагылдырган сүрөт, видео жана эссеге сынак жарыяланды. Уюштуруучу – Борбор Азиядагы Америка университети эмгектер кандай шартта кабыл алынарын жарыялады. 

Сынак үч номинацияда өтөт:

– “Борбор Азиядагы миграция тууралуу эң мыкты сүрөт”

–  “Борбор Азиядагы миграция тууралуу эң мыкты видео эмгек”

– “Борбор Азиядагы миграция тууралуу эң мыкты эссе”

Жаштар сүрөт, видео жана эссе аркылуу миграция жаатындагы көйгөйлөр, анын артыкчылык жана кемчиликтери, кубанычы жана кайгысы тууралуу айтып бере алышат. Ички жана тышкы миграция жөнүндө. Миграциядагы аялдар жана эркектер. Мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн турмушу. Адам сатуу көйгөйү. Кыргызстандагы миграция көйгөйүн чечүү жолдору сунушталса болот.

“Темага чек жок. Ой-толгоо, идея, фантазияңыз эркин болсун”, – дешет уюштуруучулар.

Сынакка катышуу шарттары:

  • сынакка Кыргызстандын бардык мектеп же жогорку окуу жайында билим алган окуучу-студенттер катыша алышат;
  • бир автор бир нече сүрөт жана видео жөнөтө алат. Материалды телефонго да, профессионалдык жабдыктарга да тартса болот;
  • фото жана видеону 5-10 сүйлөм текст менен сүрөттөңүз. Ким жана эмне үчүн тартылды?
  • эссе – эркин формада. Автор миграция тууралуу ой толгоп же көркөм аңгеме да жазса болот.
  • материалдарды кыргыз, орус жана англис тилдеринде жөнөтсө болот;
  • эмгектер жеке же бир нече автордон кабыл алынат;
  • мурда жарыяланган материалдар сынакка кабыл алынбайт.

Сынактык иштердин актуалдуулугу жана маанилүүлүгү, миграциялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча автордун өзгөчө сунуштары бааланат.

Жеңүүчүлөрдү Өкмөттүн алдындагы Миграция боюнча мамлекеттик кызматтан, Мирация боюнча эл аралык уюмдун Бишкектеги кеңсесинен жана бейөкмөт уюмдардан өкүлдөрүнөн турган калыстар тандашат.

Үч номинацияда бирден мыкты эмгек тандалат. Ар бирине 250 доллар берилет. Акчалай сыйлык Улуттук банктын курсу боюнча сом түрүндө жеңүүчүлөрдүн банктык эсебине которулат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 30-ноябрда Борбор Азиядагы Америка университетинде салтанаттуу түрдө өтөт.

Жеңүүчүлөрдүн эмгектери жана эң кызыктуу материалдар университеттин сайтына, соцтармактагы баракчаларына жарыяланат.

Сынакка материал жөнөтүүнүн акыркы күнү – 2018-жылдын 20-ноябры. Электрондук дарек: по e-mail:  lazutkina_m@auca.kg. Тел. 0 555 11 55 40 (Маргарита).  

Бизде көп көрүлгөн видеолор

Инфографика